Бишкек: 53 жылдан бери биринчи жолу 25-февралда күндүн ысыктыгы +24 градуска жетти

Бишкекте 25-февралда күндүн ысыктыгы +24 градуска жетип, 53 жылдан бери кармалып турган рекорд бузулганы турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянсак, февралдагы мындай жылуу аба ырайы акыркы жолу 1963-жылы катталып, анда күндүзгү аба температурасынын максималдуу көрсөткүчү +20... +25 градусту түзгөн.

Борбор шаарда 25-февралдагы эң суук аба ырайы акыркы жолу 1951-жылы катталган (-30... -35 градус). Акыркы 8 жылда 25-февралдагы күндүн эң суугу жана жылуусу мындай көрсөткүч менен маалымдалат:

Бишкек.

  • 2009-жыл: эң суук аба ырайы -10, эң жылуусу +11 градус
  • 2010-жыл: эң суук аба ырайы -18, эң жылуусу +15 градус
  • 2011-жыл: эң суук аба ырайы -16, эң жылуусу +16 градус
  • 2012-жыл: эң суук аба ырайы -20, эң жылуусу +11 градус
  • 2013-жыл: эң суук аба ырайы -11, эң жылуусу +13 градус
  • 2014-жыл: эң суук аба ырайы -21, эң жылуусу +12 градус
  • 2015-жыл: эң суук аба ырайы -9, эң жылуусу +19 градус
  • 2016-жыл: эң суук аба ырайы -7, эң жылуусу +24 градус
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
elgiz0890
2016-02-26 09:46:19
Ошто канча градус болду экен
+1
aikokul14
2016-02-26 09:50:34
Админ.келиндердин конкурсу кайсы жерге жайгашты?
-2
admin_portal
2016-02-26 16:14:12
aikokul14, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=92779
0
beben
2016-02-26 10:06:19
Оуу жай кандай болот экен эми эле мындай ысык болсо. ..
+2
kama_future_millioner
2016-02-26 10:40:38
Жайда кандай болду экен жаанчыл болсо жакшы болмок
+2
Mars55
2016-02-26 10:50:54
Кардын көп жааганы эле жакшы эле жайда салкын болот.
+3
nelya88
2016-02-26 12:07:54
Бул да болсо глобалдык жылуулануунун белгиси болуш керек. Мындай темп менен осо турган болсо бир канча жылдан кийин олкобуздо монгулорубуздун калбай калышы тынчсыздандырат.
+2
TAYiRbEK_kGZ
2016-02-26 13:01:01
Кудайдын айтканы болотта биздин колдон эчтеке келбейт
+4
Futuro
2016-02-26 14:36:23
Көлгө келгиле ысык болот окшойт. Быйыл турист көп болот. Орусия уже эле брондоп атат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан