Ош Эл аралык аэропортунун Авиашаарчасында жайгашкан “АККА” жабык акционердик коомунун май куюучу станциясында Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын шаардык башкармалыгынын өрттүк-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, май куюучу комплексте 4 кампада болжол менен 3400 авиакеросин сакталат. “Сценарий боюнча эң чоң май куюучу кампада өрт чыгып, биринчи Ош аэропортунун өрт өчүрүүчүлөрү келип, андан соң Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын Ош шаардык башкармалыгынан 5 өрт өчүрүүчү автоунаа жана өздүк курам катышат",- деп айтылат маалыматта.
"Өрт өчүрүүчүлөр жардырууну алдын ала болтурбоо үчүн болгон күч-аракеттерин жумшашты. Машыгуунун негизги максаты өрттөрдүн алдын алуу үчүн суу менен камсыздыгын, унаа жүрүүчү жолдордун абалын көрүү, ошондой эле өздүк курамдардын практикалык ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат. Аталган иш-чара 2016-жылдын бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү”,- деп билдиришти ӨКМдан.