Билим берүү жана илим министри: "Быйылкы босого баллы - 110 балл"

Бүгүн, 26-февралда жалпы республикалык тестирлөө тууралуу жыйын өтүүдө. Жыйынга билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Улуттук тестирлөө борборунун башчысы Артур Бакиров, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова катышышты.

"Быйылкы республикалык тестирлөө жылдагыдай эле өтөт. Окуучулардын экзамендерге чейин аттестациядан өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эгер аттестациядагы баалар окуучуларга жакса, аттестациялык күбөлүгүнө жазылат, жакпаса, экзамендерге кирүүгө туура келет. Быйылкы республикалык тестирлөөнүн босого баллы 110 балл бойдон калды",- деди министр.

"Тесттен өтүү үчүн 130дай тестирлөө борборлору ачылат. Тестирлөө 2016-жылдын 17-21-майларында өтөт. Ал эми тестке катышуу үчүн 15-февралдан 7-апрелге чейин катталса болот",- деди Инна Валькова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан