Быйыл жогорку окуу жайларда абитуриенттер үчүн 5700дөй бюджеттик орун берилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда жалпы республикалык тестирлөө тууралуу жыйында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.
"Тестирлөөнүн жардамы менен ЖОЖдорго окуучулардын арасынан жөндөмдүүлөрү алынат. Ар бир предмет боюнча тесттин баасы 260 сом. Абитуриент канча көп сабактан тест тапшырса, ошончолук жакшы деген ой туура эмес. Абитуриент үчүн 6 сабактан тест тапшыруу оор, бизге да чарчап калган окуучудан тест алуу оор. Андыктан тест тапшыруудан мурун алгач абитуриент кайсы окууга окугусу келерин аныктап алуусу керек",- деди Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова.
Тестирлөө маалында абитуриенттин чөнтөгүнөн уюлдук телефон же дагы башка эрежелерге туура келбеген буюмдар табылса, тесттен чыгарылып, мындан ары ага катышуу укугунан ажыратыларын кошумчалады.