2016-жылдын кыш мезгили көпчүлүктүн эсинде калчудай. Себеби быйыл сууктун күчү базарда күн бою жүргөн соодагер менен чек арада түн күзөткөн жоокерге эле сезилбесе, көпчүлүк суукту тоготкон жок. Эл тоготчу деле суук болгон жок дегенибиз туура болсо керек. "Мына эми кышкы бут кийим алам" деп жүрүп кантип жаз келгенин байкабай калгандар да болду.
Саналуу күндөрдөн кийин жаз мезгили эшик кагат, бирок март айын күтпөй эле жаз кирип келип, эл жука кийингенге өттү. Көчөлөрдөгү кар эбак эриген, андыктан залкар акын Алыкул Осмоновдун жазды күткөн төмөнкү 4 сап ыры быйыл актуалдуу эмес:
"Эсимде... Бир жолу эмес, нечен ирет,
Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.
А быйыл... күн жылыбайт, жер тегиз кар,
Шумдук, ай, неге мынча жаз кечигет?"
Бишкекте 25-февралда күндүн ысыктыгы +24 градуска жеткен. Мындай көрсөткүч акыркы 53 жылда катталган эмес. Акыркы жолу февраль айындагы эң жогорку көрсөткүч 1963-жылы катталып, анда абанын температурасын өлчөй турган шайман +20... +25ти көрсөткөн.
Бишкектеги жаздагыдай маанайды назарыңыздарга коёбуз...