Шашылыш билдирүү! 27-февралга чейин унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар

2016-жылдын 27-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөбүздүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкүнүн түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Жогорудагы шашылыш эскертүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 25-февралында ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан