"Жаш карек — кыргыз өлкөсү жаш балдардын көзү менен!" долбоорунун алкагында окуучулар бир нече иш-чараларга барышты

Кемин районунун Кичи-Кемин айылындагы Болот Юнусалиев атындагы мектептин окуучулары кечээ, 25-февралда Бишкек шаарында "Жаш карек - кыргыз өлкөсү жаш балдардын көзү менен!" долбоорунун алкагында №38-мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун негизги максаты - окуучулар арасындагы достукту, өнөктөштүктү, кызматташтыкты жана патриоттуулукту бекемдөө. Балдарды Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Айгүл Рыскулова тосуп алып, аларга борбор калаанын өнүгүүсүнүн тарыхы тууралуу китептерди белек кылып, муниципалитет тууралуу айтып берип, мындан аркы окууларына ийгилик каалады.

Андан соң эки окуу жайдын окуучуларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде экскурсия уюштурулду. Парламенттин жыйын залында аларды Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков менен депутаттар тосуп алышты. Жолугушууда депутаттар окуучуларга парламенттин иши, каралып жаткан мыйзамдар жана мектептеги билим берүүдөгү мыйзамдарды бекемдөөчү демилгелер тууралуу айтып беришти. Окуучулар үчүн №38-мектепте Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы түштөнүү уюштуруп берди. Күндүн экинчи бөлүгүндө окуучулар дельфинарийге барышты.

Келечекте Бишкектин окуучуларын да Кемин районуна алып баруу пландаштырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан