Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолунун 104-чакырымына чейин оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана телекоммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2016-жылы өлкөдө өткөрүлүүчү эл аралык жыйындарга даярдануу иретинде Транспорт жана телекоммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти тарабынан Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолун (0-104 чакырымын) оңдоо-түзөө үчүн тендер жарыяланган. Жыйынтыгында аталган департамент "Лонг Хай" Циндао корпорациясы менен 6 803 503 490 сомго келишим түзгөн. Оңдоп-түзөө иштеринде аталган унаа жолунун 0-104-чакырымдары 15,5 метрге чейин кеңейтилип, ар бир тарапка экиден тилке салынат. Ар бир тилкенин туурасы 3,75-3,5 метр, ал эми эң ичке бөлүгү 3 метрди түзмөкчү. Долбоордун баштапкы жалпы суммасы 9 миллиард 202 миллион 400 миң сомго барабар болгон.
Кышкы мезгилге карабастан, жолдорду оңдоп-түзөө иштери 2015-жылдын 5-ноябрында башталган. Суу түтүктөрүн жайгаштырууга, көпүрөнү курууга даярдыктар көрүлүп жатат. Көпүрөнү куруу үчүн узундугу 1,1 чакырымды түзгөн айланып өтө турган жол курулган.
Учурда куруу иштерине 162 адам тартылса, алардын ичинен 145и жергиликтүү жумушчулар, 17си чет өлкөлүктөр.