Бүгүн, 26-февралда Бишкекте Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда адал азыктардын жарманкеси өтүүдө. Ага 30дан ашык компания катышып, эт, сүт, дан азыктарын жана мусулман кийимдерин базар баасынан арзан сатышууда.
“Иш-чаранын негизги максаты - мусулмандарга жалаң адал азыктарын бир жерден таап алууга жардам берүү, ошондой эле кыргыз жергесиндеги "Адал" сертификатына ээ болгон ишканаларга колдоо көрсөтүү, элге таанытуу. Быйыл уюштурулуп жаткан жарманкебиз бешинчи ирет өткөрүлүп жатат. Келген кардарлардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Ал эми жарманкеге мүмкүнчүлүккө жараша өлкөдө аталган сертификатка ээ болгон ишканалардын жарым-жартылайы эле катышууда”, - деп билдирди КРнын Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун сертификациялоо боюнча адиси Нургүл Чукобекова.
Айта кетсек, аталган жарманке 26-27-28-февраль күндөрү өтмөкчү.