Куткаруучулар өспүрүмдөр арасындагы келечек муундарды аскер тутумуна даярдоо боюнча тарбиялоо багытында Бишкек шаарынын Ленин районундагы №97-кесиптик лицейинин окуучуларына сабактарды өтүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө куткаруу-альпинисттик шаймандарын, авариялык кырсыктан куткаруу шаймандарын, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу каражаттары кандай колдонуларын жана биринчи медициналык жардам кандай берилерин көрсөтүштү.