Насыяны иштете билгендер

Ысык-Көл облусунда кайра иштетүү өндүрүшү жанданып, жергиликтүү ишкерлер бир катар ийгиликтерди жаратышууда. "Кумтөр" компаниясынын билдиришинче, эттен тартып мөмө-жемиштеринен шире, как жасоо, кондитердик азыктарды даярдоо боюнча ишканалар көбөйүүдө. Мына ушундай чакан ишкана ээси Көкүл Мамбетибраимова алты жылдан бери Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун калкын даамдуу печеньелер менен камсыздап келет.

Көкүл МамбетибраимоваАл буга чейин Тоң айылындагы орто мектепте сүрөт, кол эмгек жана чийүү сабактары боюнча мугалимдикти аркалап келген. Замандын агымы аны жердештерине кондитер катары таанытты. Маянанын аздыгынан өзүнчө иш баштоону ойлогон Көкүл айым кондитердик курсту окууга жетишип, жолдошунун демилгеси менен цех ачкан.

Жеңил иш кайда дегендей, Көкүл айым иш башталганда каржы тартыштыгынан бир топ кыйынчылыкка дуушар болгонун айтат. Анткени меш менен камыр жууругучту ижарага алгандыктан, акча унга жетсе шекерге жетпей, шекерге жетсе башкасына жетпей карызга баткан күндөр болгон. Абалдан чыгуу үчүн ишкер "Тоң Финанс" чакан насыя уюмуна кайрылган. Алгач 200 миң сом алып жатканда "мөөнөтүндө төлөй албай калсамчы..." деп санааркаган Көкүл айымдын иши жүрүшүп, карызды өз учурунда жаап, ишти кеңейтүүгө кайра дагы насыя алат.

Учурда цехте жалпы беш жумушчу орун түзүлүп, күнүнө 100-150 килограмм өндүрүм чыгарылууда. Мындай ийгиликке жетүүгө жеңилдетилген насыянын пайдасы чоң болгонун айткан ишкер айым: "500 миң сом өлчөмүндөгү кийинки насыяга печенье бышыруучу меш, камыр жууругуч жана башка цехке керектүү нерселерди сатып алдык. Мурда ижарага алсак, эми баары өзүбүздө бар",- дейт. Ал эми мештен чыккан азыктарды таңгактап жаткан Гүлзада Белекова ушундай ишканалар көп болсо, жумуш таппай жүргөн айылдыктар үчүн жакшы болор эле деген пикирин билдирди.

Көлдүк ишкерлердин жеңилин жерден, оорун колдон алып ишти илгерилетип келаткан "Тоң Финанс" уюму 2011-жылы "Кумтөр" тарабынан негизделген. Белгилей кетсек, алтын кен ишканасы Ысык-Көлдүн ишкерлерин колдоо максатында аймакты өнүктүрүү долбоорунун алкагында Жети-Өгүз, Тоң жана Балыкчыда үч чакан насыя уюмдарын түптөп, гранттык негизде каражат бөлгөн. Мекемелерден аталган үч аймактагы жергиликтүү калк 1 жылдан 4 жылга чейин жылдык үстөгү 10-12 пайыздык чен менен 500 000 сомго чейинки насыя ала алат. Каржы уюмдарынын ишмердүүлүгүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, "Кумтөрдүн" менеджерлеринен түзүлгөн Байкоочу кеңеш жана Улуттук банк тескейт.

Марат АйтбаевДолбоор ишке киргенден бери алтын кен ишканасы "Тоң Финанска" бөлүнгөн каражаттын суммасы 2015-жылга карата 61 миллион 400 миң сомго жеткен. Учурда долбоор өзүн өзү актап, өткөн жылы 1,8 миллион сомдун тегерегинде киреше тапкан. Бул тууралуу маалымдаган уюмдун башкы адиси Марат Айтбаев: "Бүгүнкү күндө насыя портфелибиз 62 миллион 492 миң сомдон ашты. Активдүү кардарлардын саны 360 адам. Ал эми жалпысынан беш жыл аралыгында миңден ашык кардар биздин арзан насыяларды тейледик. Учурда алардын баары ийгиликтүү иштеп жатышат",- дейт.

Жеңилдетилген насыянын кайтарымдуулугу 99 пайызды түзүп, киреше табууга жетишкен "Тоң Финансты" каржылоо токтотулат. Бул маалыматты "Кумтөр" алтын кен ишканасынан да тастыкташты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tipokan
2016-02-29 11:25:05
ulgu alysh kerek
+1
Drongo
2016-02-29 15:07:43
Бизнесинер оркундой берсин,колдук жердештерим!
+1
jaazira13
2016-02-29 19:08:52
ушундай майда бизнесмендердин натыйжасы менен ысык-колдогу финасылык уюмдар эгемендуу болуп иштей башташат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан