Нарында 27-февралда пландалган тынчтык митинги болбойт. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.
Бүгүн, 26-февралда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 2016-жылдын 27-январында өткөрүлгөн тынчтык митингинде түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү менен болгон жолугушууда комиссия мүчөлөрү митингге чыкпай турганын билдиришкен.
Облус башчы комиссия мүчөлөрү тарабынан коюлган 5 талаптын өкмөт тарабынан каралып чыгып берилген жообун билдирди.
1. "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө" мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр чала иштелип чыгып, анда бир топ кемчиликтер болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.Сариевдин тапшырмасы менен 2016-жылы бул долбоор КР ЖКнын кароосуна чакыртылып алынган. Учурда калктын жашоо шартын жакшыртуу, даректүү социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой аймактарды комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы даярдалууда.
2. Учурдагы социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамынын бузулушу үчүн административдик жоопкерчиликти киргизүү мөөнөтүн 2018-жылга чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул мөөнөттө автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин ыктыярдуу камсыздандырууга мүмкүнчүлүк берет. Укук коргоо органдары тарабынан жарандардын жеке менчик автоунаасын камсыздандыруу полисин текшерүү жүргүзүлбөйт. Башкача айтканда, менчик автотранспортту камсыздандыруу жарандын өз эркине жараша болот.
3. Нарын облусунун тургундарына электр энергиясына болгон жеңилдетүүнү от жагуу мезгилине же ноябрь, декабрь, январь, февраль айлары үчүн 1500 киловатт кылып берүү талабына өкмөт тарабынан энергетикалык тармакты жакшыртуунун комплекстүү чаралары каралып жатат. Буга чейин Нарын облусунун тургундарына 1000 кВт жеңилдетүүлөрү берилген.
4. Жаш үй-бүлөлөргө жөлөк пул чектөөнү жөнөкөйлөтүү же ата-энесинин кирешесин, автоунаасын, үй техникасын кошуп эсептебөө жагын кароо боюнча КР Өкмөтү ЖК менен биргеликте социалдык адилеттүүлүк принцибине таянып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарды дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин эсептөөнүн критерийлерин кайра карап жатат. Чоң ата же чоң энесинин пенсиясы пособие чектөөдө кирешеге кошулбайт.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен камсыздандыруу төлөмдөрү кескин көтөрүлүп, жер иштеткендер жана патент алган ишкерлерге оорчулук келгендиктен, бийик тоолуу аймактарга тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүү менен жеңилдетип, кайра карап берүү боюнча КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен өкмөт тиешелүү мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү иштерин жүргүзүп жатат. Маселе элдин кызыкчылыгын эске алуу менен адилеттүүлүк принцибинин негизинде ишке ашмакчы.
26 адамдан турган комиссиянын төрагасы Асангазы Ибраимов берилген жооптор негиздүү экенин белгилеп, 27-февралда пландалган тынчтык митинги болбой турганын билдирди.