Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча биринчилик өттү (фото)

2016-жылдын 26-февралында №73809-аскер бөлүгүнүн базасында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган Макаров тапанчасынан ок атуу боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – ок атуу спортун өнүктүрүү, таамай атуу чеберчилиги боюнча көндүмдөрдү өркүндөтүү жана аскер кызматчыларынын арасында бутага таамай тийгизүүнүн деңгээлин жакшыртуу.

Бул чакан иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары катышып, табелдик куралдардан атуу боюнча биринчиликте күч сынашып көрүштү. Мелдеш ар бир аскер кызматчысынын жеке эсебинде өттү жана шарт боюнча жеңүүчү ким эң көп санда бутага тийгизгендиги аркылуу аныкталды.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду полковник Таалай Адашпасов, 2-орунду полковник Нуряз Асанбеков жана 3-орунду подполковник Исламбек Кошкеев жеңип алышты.

Маалыматка ылайык, жеңип алгандар грамоталар, акчалай сыйлыктар жана өтмө кубок менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан