"Кыргыз Республикасынын стратегиялык артыкчылыгы - ар бир балага үй-бүлөлүү болуу укугун камсыздоо",- деди вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева интернат мекемелерин реформалоо маселелерин кароо боюнча болгон тегерек столдо. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тегерек столдун катышуучулары кыргыз жергесинде үй-бүлөлүк типтеги үйлөр ачылып, асыранды балдардын институту киргизилип жатканын белгилешти. Бирок интернаттык мекемелерден толугу менен баш тартуу үчүн убакыт жана кылдат даярдык керектелет. Былтыр интернаттардан 256 бала үй-бүлөлөрүнө кайтарылган. Андан тышкары 139 бала багылып алынган.
Иш-чарада эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Галина Строкова, Наталья Никитенко жана бейөкмөт мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.