Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна шаардын көркүн бузуп келген жарыяларды, афишаларды мамыларга, бактарга жана имараттардын дубалдарына чаптабоо өтүнүчү менен кайрылат.
Учурда "Тазалык" муниципалдык мекемесинин жумушчулары мамыларды жана бактарды чапталган жарыялардан тазалоодо. Аны менен бирге шаардыктарды да тазалыкты сактоого жана шаарды көрктөндүрүүгө болгон аракеттерди колдоого чакырат.
"Бишкек шаарынын көркүн буза турган кандайдыр бир жарыяларды, маалымат баракчаларын, ошондой эле концерттик афишаларды имараттарга, дубалдарга, аялдамаларга, мамыларга жана бактарга илүүгө тыюу салынарын эскертебиз",- деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет жеке ишкерлерге жана эстрада артисттерине жарнама илүүчү компанияларга кайрылбоону сунушташат, себеби алардын ишмердиги мыйзамга туура келбейт.