Бүгүн, 26-февралда Бишкекте өзгөчө чеберчилик менен жасалган мамлекеттик желек элге тааныштырылды. Бул өзгөчө ыкма менен жасалган эмгек Айгерим Жумалиева, Айжамал Шамыратова жана Заман Турсунбеков сыяктуу студенттерге таандык.
"Көп убакыттан бери чоң эмгек кылууну көксөп келгенбиз. Бул желекти жасап чыгуу идеясы 2016-жыл "Тарых жана маданият жылы" деп жарыяланган соң келди. Аталган эмгектин үстүндө 10 күндөй иштедик",- дешет жаштар.
Алар мамлекеттик желектин формасы түшүрүлгөн тактайга 13,5 миң мык кагып, кызыл жана сары түстөгү жиптерди мыктардын баштарына чырмап чыгышкан. Сарпталган жиптердин узундугу болжол менен 20 чакырымды түзөт.
Желекти элге тааныштырууда жаштар туунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Мамат Сыдыковго ыраазычылык билдиришти, алардын айрымдары иш-чарага катышышты.
Желек 3-март - КРнын Мамлекеттик туу күнүндө аукционго коюлат. Анын баштапкы баасы 1000 (бир миң) долларды түзмөкчү. Бул эмгек үчүн төлөнгөн каражат балдар үйлөрүнүн бирин оңдоп-түзөө иштерине жумшалат.