Өлкөдөгү коммерциялык банктарга калк үчүн ипотекалык жана керектөө насыяларын доллар менен берүүгө тыюу салуу боюнча токтом бүгүн, 28-февралда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, февраль айынын башында Улуттук банктын жыйынында тиешелүү укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген. Коммерциялык банктардын сунуштарын эске алуу менен аталган токтом кабыл алынган. Бул документ 2016-жылдын 28-февралынан тарта күчүнө кирери бекитилген.