Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы Ботаникалык бактын абалы менен таанышты

27-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын абалы менен таанышып, аны өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Премьер-министр аталган бакчанын өлкө жана борбор шаар үчүн мааниси абдан чоң экенин белгилеп, анын учурдагы абалы начар экенине көңүл бурду. Темир Сариев Ботаникалык бакчаны илим изилдөө борбору болуу менен катар шаар тургундарынын сейилдөөчү, ден соолугун чыңдоочу жайга айлантуу зарылдыгын билдирди.

“Ботаникалык бакчаны өнүктүрүүгө узак убакыт бою көңүл бурулбай, керектүү каражат бөлүнбөй калган. Бакчанын учурдагы абалы абдан начар болууда. Анда каражаттын аздыгына карабай өз ишине берилген гана адистер иштеп жатышат. Мындан ары абалды бул боюнча калтырууга болбойт. Ошондуктан аны кыска убакыттын ичинде жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иштерди тезинен колго алышыбыз зарыл. Ботаникалык бактын абалын жакшыртуу үчүн өкмөттүн, Бишкек шаардык мэриясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен аракети зарыл. Биз бул багытта ишти алып барып, маселени чечүүнүн стандарттуу эмес чараларын иштеп чыгышыбыз керек”,- деди Темир Сариев.

Премьер-министр Ботаникалык бакты жашылдандырып, тиешелүү инфраструктуралык маселелерин чечүү менен шаар тургандарына ачык болушу керектигин билдирди. “Бүгүн биз Ботаникалык бакчаны өнүктүрүү үчүн бир катар чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Эң алгач учурдагы аймагын сактап, инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, илимий изилдөө жана селекциялык ишмердигин өнүктүрүп, билим берүү жана экологиялык-маданий ишмердигин күчтөндүрүү зарыл”,– деди Темир Сариев.

Бул үчүн кыска мөөнөттүн ичинде бакчаны жашылдандыруу боюнча ишембилик өткөрүү, бул багытта борбордогу жогорку окуу жайлар менен кызматташуу түзүү тапшырмасын берди. Ошондой эле Ботаникалык бактын ичиндеги объекттердин жайгаштырылышы боюнча мыйзамдуулугун текшерип чыгууну КРнын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиевага тапшырды.

Муну менен катар Ботаникалык бакты өнүктүрүү боюнча атайын концепция иштеп чыгуу жана бул боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди. Ал жумушчу топту вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жетектемекчи.

Ботаникалык бакчага арналган жыйындын жүрүшүндө “Арча” коомдук фондунун аталган бакчаны өнүктүрүү боюнча презентациясы сунушталды. Анда Ботаникалык бакчанын калыбына келтирүү менен Азия тоо бакчасын түзүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirgak_92
2016-02-29 10:27:24
Эн туура Темир Аргенбаевич
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан