Бишкекте куруучулар арыкты акыр-чикирге толтурганы үчүн айыпка жыгылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, Жибек-Жолу, 403-а дарегинде жүрүп жаткан курулуштун жумушчулары курулуш материалдарын жолдун жээгине, анын ичинде арыкка толтуруп салышкан. Мындан улам ирригациялык тармак толуп калгандыктан, бул санитардык нормаларын жана Бишкекти көрктөндүрүү эрежелерин бузуу болуп саналат. Жыйынтыгында Санитардык-экологиялык инспекция аталган жерде жайгашкан турак жайдын ээсине Административдик жоопкерчилик кодексине ылайык протокол түзүп, ал Свердлов райондук комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.