Тарых жана маданият жылына карата “Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы” аттуу сынак жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.
Маалым болгондой, сынактын максаты - мамлекеттик тилде илимий эмгек жазган аспиранттарга жана изденүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, Тарых жана маданият жылына карата “Манас” эпосун кеңири даңазалоого түрткү берүү, тил, тарых, маданият дөөлөттөрүн тереңдетип иликтөөгө шарт түзүү, жаш илимпоздорду мамлекеттик тилде илимий иш жүргүзүүгө кызыктыруу.
Сынакка социалдык-гуманитардык багытта алектенген 35 жашка чейинки аспирант жана магистрант-изденүүчүлөр катыша алышат. Ал 1-марттан 31-сентябрга чейин уланат.