Бишкекте жогорку окуу жайлардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чара 12-мартта аталган китепканада өткөрүлөт. Ага өздөрү тууралуу маалымат менен тааныштырып 20га жакын ЖОЖ катышат. 9-11-класстын окуучулары үчүн келечек кесип боюнча окууга тартуу иштерин жогорку окуу жайлардын активдүү студенттери алып барышат.
Айта кетсек, былтыр ушундай жарманкеге 17 ЖОЖ катышып, ага 400 окуучу келип кызыктыруучу маалыматтарды алып кеткен.