Буга чейин кыш бүтө элек жатып борбор калаабыз Бишкекке жаз келгени тууралуу баяндаганбыз. Ал эми өлкөбүздүн түштүк аймагына жаз мезгили февраль айынын ортолорунда эле келгенин аталган аймактардан билдиришүүдө. Жергиликтүү тургундардын айтымында, күн ысыгандыктан, өрүк бактары гүлдөп, жер көгөрүп, бак-дарактар бүчүрлөп жатат. Жаз эрте келип, айлана-чөйрө жашыл түскө бөлөнүп калган маалда аба ырайы кескин өзгөрүлүп кетүү коркунучу да бар.
Эске сала кетсек, былтыр гүлдөгөн мөмө-жемиш бактарын үшүк алып, түшүм күтүлгөндөй болбой калган. Учурда Ош менен Баткен облустарында абанын температурасы +18, Жалал-Абадда +21 жылуу болууда. Назарыңыздарда аталган облустардан SUPER.KG порталына жөнөтүлгөн сүрөттөр топтому.