Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 39 жаштагы айым үч эм төрөп, бирөөсү чарчап калды

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 39 жаштагы айым үч эм төрөп, бирөөсү чарчап калды. Бул маалыматты аталган төрөт үйүнөн тастыкташты. Маалыматка ылайык, үч эмдин экөөсү кыз, бирөөсү эркек болуп, акыркысы чарчап калган.

"39 жаштагы айым 5 күн мурун көз жарган. Ал айым мурдатан келип дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Ымыркайлар жатында туура эмес жатып калышканы тууралуу энеге күн мурун айтылып, төрөт оор болорун эскертип, кесарево жолу менен төрөөнү сунушташкан. Эне ага көнбөй койгон. Төрөттөн кийин ымыркайлардын бири каза болуп калган. Эне менен эки ымыркайдын абалы жакшы. Дарыгерлерге айымдын нааразычылыгы жок",- дейт SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз катчысы Аскар Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан