Быйыл Бишкекке 17 түрлүү жана 52 сорттогу 1 миллион 240 миң гүл отургузулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Жашылдандыруу” ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер билдирди. Анын айтымында, март айында үшүк жүргөнүнө байланыштуу гүлдөрдү отургузуу иштери жылда 20-25-апрель күндөрү башталып, 10-июнга барып аяктайт.
“Быйыл биз бир жылдык гүлдөрдөн тышкары 1327 даана ийне жалбырактуу, 3854 жалбырактуу өсүмдүк, 312 миң бадал кашаа, 2890 бадал жана 22 миң роза тигебиз. Алгач "Жеңиш" жана "Ала-Тоо" аянттарына жана сейил бактарга отургузабыз”,- дейт Кравер.
Борборго отургузулчу гүлдөр Бишкектеги эки гүл күнөскасында өстүрүлөт. Бул боюнча маалыматты “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын №1-гүл бакчасынын жетекчиси Мария Акматова билдирди. “Жазгы гүл өстүрүү иштерин январь айында баштайбыз. Алгач күнөсканалардагы оору козгогучтарды атайын каражаттардын жардамы менен жок кылып чыгабыз. Анан үрөндөр 60 пайыз жакшы сапаттагы кара топурак, 30 пайыз жер семирткич жана 10 пайыз кум кошулган аралашмага себилет. Ал гүлдөр бир аз өсүп калганда ар бирин бирден бөлүп идиштерге салабыз. Гүлдөр жакшы өсүш үчүн күнөскананын ичиндеги температура кичинекей темир мештердин жардамы менен 15 градустан кем болбойт”,- дейт жетекчи.