Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын тургундары айыл аймагында кен казууга каршы чогулушууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын Руслан аттуу тургуну билдирди.
"Кассана Минералс" компаниясы айылдын четинен 69 килограмм алтын казабыз деп, отурукташуу үчүн мамыларды орнотушуп, электр энергиясын тартып жатышат. Ага айыл өкмөтү уруксат берсе керек, бирок кен казуу тууралуу Жайыт комитети, жер адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн эмес. Алтынды чайкоо үчүн 1000 куб суу бата турган 2 тундургуч курабыз деп жатышат. Кенди суунун четинен казышат, ал суудан Кара-Күнгөй, Терек-Суу, Мазар-Суу, Чолпон-Ата, Чоң-Арык айылдарынын жашоочулары суу ичишет. Ал жакта уран бар деген имиштер бар. Эгер кен казылса, ал экологияга терс таасирин тийгизет",- дейт тургун.
Ошондой эле бул чогулушка бир гана Чолпон-Ата айылынын тургундары эмес, коңшу айылдардыкы да келишкени маалым болду.
Тургундун айтымында, аталган компаниянын кен казуу лицензиясы жана уруксаты кимден алынганы белгисиз.