Өкмөт жооп берет: 1-топтогу майыпмын, 4300 сом пенсия алам. 4 балам бар, аларга жөлөк пул ала аламынбы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жаначечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - 1-топтогу майыпмын, 4300 сом пенсия алам. 4 балам бар, аларга жөлөк пул ала аламынбы? 2014-жылы мыйзам кабыл алынды эле, “пенсия алган адамдын пенсиясы үй-бүлөлүк бюджетке кирбейт” деген. 2015-жылдын 1-январында бул мыйзам күчүнө кирери айтылган. Ушул мыйзам жөнүндө кененирээк маалымат бересиздерби? Суроо калтырган Delfinchik

Жооп: - Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик жөлөк пул чектөөдө ата-энесинин пенсиясын кирешеге кошпоо тууралуу мыйзам чыга электигин маалымдайбыз.

Кошумча маалымат сунуштайбыз: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет, башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат.

Үй-бүлөдө бир жана андан ашык аталыштагы узак пайдаланылуучу иш абалында турган товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пул алууга укугу болбойт.

Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет:

- жеңил автомобиль;

- айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);

- жүк ташуучу автомобиль.

Үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкү түрлөрү киргизилет:

- Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча, эмгек акы, стипендия, ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар жана өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын пенсиясынан тышкары пенсия түрүндө алынган кирешелер;

- Негизги иши, кызматы (аскер кызматчылары), окуусу боюнча эмес алынган кирешелер;

- Экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер;

- Фермердик, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнүн жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын жер тилкелерин жана айыл чарба жаныбарларын пайдалануудан алган кирешелери;

- Жеке көмөкчү чарбадан алынган кирешелер.

Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо эсепке алынбай турган кирешелердин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

- мамлекеттик жөлөк пулдар;

- сөөк коюуга берилчү жөлөк пулдар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялык төлөмдөр (жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардан тышкары);

- камкордукка алгандардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери;

- социалдык коргоо органдары тарабынан бир ирет берилүүчү жөлөк пулдар жана жеңилдиктердин бардык түрлөрү;

- кош бойлуулук жана төрөгөндүк боюнча жөлөк пул;

- жумушка убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөк пул;

- иш сапарга жана жаңыдан иштей турган жерге баруу үчүн берилчү сарптоолор (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегинде);

- күндүзгү окутуучу формадагы орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин, башталгыч кесиптик билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын өндүрүштүк практика, каникул учурунда студенттик отряддын курамында иштеген же айыл чарба жумушуна жөнөтүлгөн учурда иштеген эмгегинин акысы;

- травма же майыптык алган учурдагы, камсыздандырылган адам каза болгондо, материалдык чыгым же мүлкүнөн айрылгандагы камсыздандырылган суммалар;

- табигый кырсыктарга кабылгандагы, ооруп калгандагы, ошондой эле кызматкер же анын жакын туугандары каза болгонго байланыштуу материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу катары кызматкерге көрсөтүлчү материалдык жардамдын суммалары;

- жумушсуздук боюнча жөлөк пул;

- өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын пенсиялары.

Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан жооп беришти.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aitpaaim
2016-03-01 02:39:11
Созду айландырбай эле жок дебейсинерби.
Эми элестеткиле уйдон бироосу 3000сомго больницада охрана болсо ошол торт баласына жетеби кичине огороду болсо бийликте жалан эле башы жокторбу же
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан