Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Кара-Кокту айылынын Төө-Моюн тилкесинде өткөн кылымда жерден радий, уран, жез казылып алынып, бирок кайра көмүлбөгөндүктөн, коркунучтуу абал жаралууда. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган инспекциянын текшерүүсүнүн натыйжасында учурда радиациянын күчтүүлүгү 180-220 рентген саатын көрсөткөн. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Ноокат, Араван райондук башкармалыгынын жетекчиси Абдисали Абдикааровдун айтымында, бул жай эч кандай курчоого алынбагандыктан, жергиликтүү тургундар малын ушул аймакка жайышат. Инспекция кызматкерлери азыркы тапта жергиликтүү бийликке жана тийиштүү мекемелерге кайрылып, тез аранын ичинде кооптуу абалды жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө.