Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жаначечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Мен мектепте иштейм, азыр декреттик өргүүдөмүн. 3 балам бар, күйөөм болсо Орусиянын жараны. Мен жана балдарым КРнын жараныбыз. Үйүбүздөн башка мүлкүбүз жок. Балдарыма жөлөк пул алсам болобу? Суроо калтырган Nevajno
Жооп: - 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат.
Жубайлардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган учурда балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн турак жай, турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысынын негизинде жана бул жубай Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу жөнүндө тиешелүү органдарга арыз бергендиги тууралуу түшүнүк кат болгон учурда дайындалат.
Мисалы: Аял балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул дайындоо үчүн кайрылды. Арыз ээсинин өзү жана анын мектеп курагындагы балдары Кыргыз Республикасынын жарандары, аялдын күйөөсү (балдардын атасы) Орусиянын жараны болуп саналат. Мындай учурда балдардын атасы аны Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө тиешелүү органдарга арыз бергендиги тууралуу маалым катты берген шартта дайындалат. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул 6 айлык чектелүү мөөнөткө дайындалат жана андан соң жашаган жеринен үй-бүлө чындыгында эле маалым катта көрсөтүлгөн дарек боюнча жашай тургандыгы жөнүндө маалым катты талап кылуу менен көзөмөлдөнүп турат.
Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан жооп беришти.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.