Баткен облусунун Караван айыл өкмөтүнүн Жинжиген айыл аймагында "кара алтынды" мыйзамсыз казуу уланып келүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган инспекциянын билдирүүсүндө, өз алдынча казылып жаткан шахталардын саны 15ке чукул. Учурда ар кайсы аймактардан келип иштеген көмүр казуучулардын саны 120га жеткен. Жергиликтүү бийликтин айтымында, бул чөлкөмдө жумушсуздук орун алгандыктан, айласыздан көмүр кенин казган тургундар күнүмдүк тиричилик турмушун кечирүүдө. Коопсуздукту сактоону биринчи орунга коюп, мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан казуу иштерин токтотуп, көзөмөлгө алууну инспекциянын адистери эскертишти. Себеби бул жерде буга чейин тыюу салынган жерди казып иштетүүнүн натыйжасында бир нече адамдын өмүрү кыйылган. Эгерде мыйзамсыз иштер токтотулбаса жана берилген эскертүүлөр эске алынбаса, мыйзам чегинде тийиштүү чара көрүлөт.