Дзюдочу Юрий Краковецкий Чехияда өткөн Европа Кубогунда коло медаль тагынды

Кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий Чехияда өткөн дзюдо боюнча Европанын Кубогунда коло медаль тагынды. 27-28-февраль күндөрү Прага шаарында өткөн мелдешке 5 кыргыз спортчусу катышып, байгеге жалгыз гана Юрий Краковецкий ээ болду.

Дзюдонун европалык кеңеши кабарлагандай, ал 100 килограмм салмактык бөлүктө чейрек финалда жеңилүүгө мажбур болгон. Спортчу медаль үчүн кармашты улантып, алгач польшалык Камиль Грабовскини утту. Коло медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште ага монголиялык Баттулга Темуулен каршы туруп, утулуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdurahman
2016-03-01 10:56:40
молодчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан