Китепке сый жоголду: Аалы Токомбаевдин китеби арзыбаган акчага сатылып, "Курманбек баатыр" кумда "оонап жатат" (фоторепортаж)

Эгемендүүлүк алган жылдан тарта элдин жашоо шарты өзгөрүп келет. Бүгүнкү күндө соода-сатык күч алып, акчага сатылбаган нерселер өтө аз болуп калды. Алардын катарын эски кийимдерди, эски китептерди, эски буюмдарды сатып күн көргөндөр толуктайт. SUPER.KG порталы эски китептердин кор болуп, арзыбаган акчага сатылып жатканы тууралуу чакан макаланы сунуштайт. Макалага көз салып, китептин коомчулуктагы орду, ролу канчалык өзгөрүп жатканын, аларга болгон баанын түшүп кеткенин баамдап аласыз.

ОТКО ЖАККАНЧА АЗ ДА БОЛСО ПУЛ БОЛСУН...

Эски китептер Бишкектин бир катар аймактарында жол боюна коюлуп сатылып жатат. Ошондой эле базарлардын тегерегинен да жолуктурууга болот. Сатуучулар бул китептер элден сатылып алынарын айтышты. Алар китептерди түрдүү жолдор менен топтошот. Мисалы, "эски китептерди сатып алабыз" деген мааниде жарыя беришет (издегенибиз менен, андай жарыяларды таап, сүрөткө түшүрө алган жокпуз). Сатуучулар эски китептерди арзан баада элден сатып алып, үстүнө баа кошуп сатышат. Мисалы, "Ош базардын" өйдө жагында сатылган китептердин (сүрөттө) баары элден чогултулган.

Баалары тууралуу кызыгып сурап көргөнүбүздө, бул жерде 1 китепке болгон баа 15-20 сомдон башталып, эң жогорку баа 300-400 сомго чейин жетери маалым болду. Кеңештер тууралуу жазылган китептер, кыргыз тилиндеги китептер көбүнчө кымбат баага сатылат.

Чынында, бул китептерди сатып алуучулар бар. Ошол себептүү көчөдө сатылып жатат. Көчөдө китеп саткандардын бактысына жараша, учурда көптөр Бишкектен Орусияга көчүп кетишүүдө. Алардын көбү орус улутундагы жарандар. Алар 20-30 жыл топтогон китептерин сатып жиберишет. Буга катар үйдө керексиз болуп калган эски китептер, макулатурага өткөрүлгөн китептер да бир канча жолду басып, минтип сатыкка чыгып жатат. Коомдо "үйдө китеп жөн эле турат, отко жакканча сатып жиберели" деп ойлонгондор аз эмес.

КЭЭ БИРӨӨЛӨРГӨ ЗАР БОЛГОН КИТЕП, БИРӨӨЛӨРГӨ КОР БОЛГОН КИТЕП

Күнүнө 50гө жакын китептин сатылганы китеп саткандардын ишин "өлтүрбөйт". Сатып алуучулар дайыма бар. Бул китептер кимге керек? Окуу жайдын китепканасынан издеген китебин таба албаган студенткеби? Үйдө жатып эриккен пенсионергеби? Кардар күткөн таксинин айдоочуларынабы?

Бул китептерге "куда түшкөндөрдүн" көбү пенсионерлер жана студенттер. Айрым студенттер "кереги тийип калат" деген ой менен сатып алышат. Ал эми жашында китеп окуп көнгөн пенсионерлер да китеп жайылган жерден кыя өтүшпөйт.

ЗАЛКАРЛАРДЫН "ЖЕР КУЧАКТАГАН" КИТЕПТЕРИ

Андагы китептердин көбү кем дегенде 25 жыл мурун басылган. Мазмундарына токтолсок, бул жерден ден соолук, спорт, кеңештер тууралуу жазылган адабияттарды, илимий китептерди тапса болот. Алардын арасында кыргыз мамлекетинин тарыхы, маданияты тууралуу жазылган китептер, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов сыяктуу алп акын-жазуучулардын китептери дароо эле көзгө көрүнөт. Бирок аларга болгон баанын 2 орундуу сандардан турары адабият сүйүүчүлөрүн бушайман кылат.

"Курманбек баатыр" эпосу мектеп программасына киргизилип, жаш муунду баатырдыкка, эр жүрөктүүлүккө, эл-жерди коргоо үчүн кан-жаны калганга чейин күрөшүүгө үндөп келебиз. Бирок Курманбектин минтип "кумда жатканын", арзыбаган пулга бааланганын көптөр кечирбес эле.

Акыркы 10 жылдагы акындарыбыздын чыгармалары топтолгон антология, өлкөнүн тарыхы жазылган китептер Киев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде сатылып жатат.

Анархан Садыкулова, китеп дүкөнүнүн жетекчиси:
"ЖАКШЫ КИТЕПКЕ БОЛГОН БАА КЫЛЫМ ӨТСӨ ДА ТҮШПӨЙТ"

- Көчөдө китеп саткандар китепке, адабиятка болгон сыйынын төмөндүгүн көрсөтүп, жазуучуларды кемсинтип жатышат десек болот. Китеп аздектеген кишилер мындай кадамга барбайт эле. Эч болбосо атайын стол коюп алып сатышса болмок. 1970-жылдан кийин китеп сатып алуу модага айланып, ошондо эл көп китеп алган. Мына эми алардын кереги жок деп, көчөгө жайнатып чыгарып коюшту. Арасында сонун китептер бар. Китептердин минтип кордолуп сатылышына, албетте, каршымын. Өкмөт китеп топтогон үй ачып же китеп саткан жай ачып бербесе болбойт. Тарых жана маданият жылында ушундай маселелерге да көңүл бурулушу керек.

P.S. Сүрөттөр Совет - Москва, Совет - Киев, Москва - Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиштеринде жана "Ош базарынын" өйдө жагындагы жайма базардын аймагында тартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rednalf
2016-03-15 15:29:11
Арзан сатып жатышса эмне окурман кымбаттатып бер демек беле?Азыр мамлекетте жаңы китептер басылбаса,басылса да кайдагы бир жазуучу сөрөйлөрдүн китептери.Ал эми союздан калган китептерин ар ким өзү каалаган баада сатат да.Кандай сатылса да окурманын тапса болду.
+8
Alibek-0001
2016-03-15 15:51:27
Kitepteribizdi saktaily.satpaily
+4
Gulya21
2016-03-15 16:21:31
Мен ушундай китептерди издеп таппай койгом кымбат болсода сатып алайн деп эми болсо мынтип жерде арзыбаган баага сатылып жатыптыр
+4
Kroxa
2016-03-15 16:29:59
окунучтуу.... Азыр китеп окуган киши жок интерден таап алып жатышат да керектуусун..
+3
kgalik
2016-03-15 17:12:58
менимче жакшы эле сатып жатат, себеби жоон бир кычыкта чан басып жаткандан коро ,биро жарым сатып алып окуган жакшыго.
+6
saltanat.
2016-03-16 01:06:43
Нааразы болсоңор стол коюп же дүкөн ачып бергиле. Жылаңач баатыр болбой.
0
Svoboda83
2016-03-26 18:02:15
Чынын айтсам Жаратканым озу кубо болсун окуп жазып жатып козумон жаш чыгып кетти менин кичинекийимден тилегеним уйлонуп уйлуу жайлуу болуп уйумдун бир болмосуно окуган китептеримди чогултуп балдарыма неберелериме китепкана кылып китеп чогултам дечимун бирок соссуз ошол ойума жетем азырда колуман келгенче окуган китептеримди чогултам Акчам болсо кана баарын сатып алмакмын.Чындыгында жерге койбой столдун устуно койуп койушса жакшы болмок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан