Эртең, 2-мартта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Орусияга иш сапары менен учуп кетет. Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулаша турганын президенттик аппараттан билдиришти.