Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаардык мэриясынын жамаатына жаңы шаар башчысы Албек Ибраимовду тааныштырып, мэрдин башкы милдеттерин атады. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Премьер-министр белгилегендей, борбор шаардын жаңы мэринин башкы милдети – Бишкекте тартип орнотуу, жашылдандыруу жана анын социалдык маселелерин чечүү.
"Учурда Бишкекте көйгөйлөр абдан көп жана мэр шаарга кам көрүү милдетин толугу менен өзүнө алуусу керек. Тактап айтканда, кеп шаар көчөлөрүн жана тротуарларын иретке келтирүү, сейил бак жана турак жай жайгашкан аймактарды жашылдандыруу, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү тууралуу жүрүүдө. Сиз мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов баштап кеткен иштерге жаңы дем берүү менен ал иштерди улантып кетериңизге ишенем. Үстүбүздөгү жылы борбордо төрт чоң иш-чара өткөрүлүшү пландаштырылууда. Буга байланыштуу Бишкек мэриясы шаардын тышкы көрүнүшүн тийиштүү түргө келтирүү максатында болгон күч-аракетин жумшоосу тийиш",- деп белгиледи Сариев.
Муниципалитеттин жамааты менен жолугуу учурунда өкмɵт башчы мэрияга борбор жолдорун оңдоону колго алууну тапшырып, мында велосипедчендер үчүн шартты эске алууну тапшырды.
"Ал үчүн өзгөчө шаар борборунда кыймыл маршрутун иштеп чыгуу керек. Бул максатта каражаттар бар. 2015-жылы Бишкек шаары үчүн революциялык кадам жасалды. Бишкек аймагында жайгашкан ооруканалар, поликлиникалар республикалык бюджеттен каржыланууга өттү, ал эми 1,6 миллиард сом көлөмүндөгү бошотулган каражатты шаар өнүгүүсүнө калтырдык",- деди өкмөт башчы.
Эскерте кетсек, борбор шаардын башчысын шайлоо 27-февралда өткөн. Анда Албек Ибраимовдун талапкерлигине шаардык кеңештеги 45 депутаттын 42си "макул" деп добуш берген. Бир депутат "каршы" деп добуш берсе, экөөсү шайлоого катышкан жок.
Ибраимов шаар башчылыгына Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы тарабынан сунушталган.