Карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жүрүмүн жөнгө салуу чаралары өркүндөтүлүүдө

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеште камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздарды чыгарууну жана жүгүртүүнү жөнгө салган мыйзамдык базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунда кыймылсыз мүлктөр, мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар, эмитентке таандык башка баалуу материалдар камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздар боло ала тургандыгы тууралуу жобо камтылууда. Күрөөнүн наркы чыгарылган карыздык баалуу кагаздардын суммасына тете болууга тийиш. Камсыз кылынбаган карыздык баалуу кагаздарга караганда камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздардын активдери кооптуулугу төмөн активдер катары каралат.

Талкуунун жыйынтыгында бул долбоор 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан