Билим берүү министрлиги педагогдук билими жок адамдарга мугалим болуп иштөөгө уруксат бергени жатат

Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, бул мыйзам долбоору тарабынан педагогдук ишмердүүлүгүнүн тизмесин кеңейтүү менен бирге атайын педагогдук билими жана квалификациясыз педагог болуп иштөө мүмкүнчүлүгү каралган.

"Сунушталып жаткан норма бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат. Мисалы, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсеп боюнча үйрөтүү үчүн атайын педагогдук билим алып, педагогдук квалификацияга ээ болуш керек. Бул мыйзамдын нормасы бардык жерде бузулуп жатат, себеби азыр автотранспорттук каражатты айдоону, компьютердик техниканы үйрөтүү кандайдыр бир педагогдук билим же квалификациясыз эле үйрөтүлүп жатат. Мындан тышкары көптөгөн тренингдер өткөрүлүп жатат, алар педагогикалык квалификацияны талап кылбайт. Ошол эле учурда билим берүүчү уюмдарда дагы педагогдук квалификациясы жок мугалимдер иштеп жатышат. Көптөгөн студенттер окуу жайын аяктап, мугалим болуп эмгектенишет, ал үчүн педагогдук билим талап кылынбайт",- деди Сариева.

Талкууда депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошорун айтышты. Жыйынтыгында долбоор 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан