Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Канат Исаев менчиктештирилген бала бакчалардын имараттарын мамлекетке кайтарууну тездетүү керектигин айтты.
"Парламенттин 5-чакырылышынын депутаттары 2 жолу тиешелүү токтом кабыл алышкан, бирок мыйзамсыз менчиктештирлген бала бакчалар мамлекетке өткөрүлбөй жатат. Социалдык фонд да, Салык кызматы да аталган токтомдорду колдонбой жатат. Бала бакчаларды кайтарып берүү боюнча прокуратура да сунуштамасын берген, бирок эч кандай жооп жок. Өкмөт ушул маселени ишке ашырышы керек. Өлкө боюнча канча бала бакча ачылмак..."- деди Исаев.