Кыргыз тилин билбеген депутаттар жана чиновниктер үчүн акысыз окуулар уюштурулат

Мамлекеттик тилди билбеген депутаттар жана чиновниктер үчүн окуулар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, бул окуулар акысыз болот. "Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө бардык шарттар түзүлөт. Мамлекеттик тилибизди ар бирибиз, ар бир кыргызстандык билиши керек",- деди төрага.

Айта кетсек, бүгүнкү жыйында депутат Канат Исаев өкмөттөн жөнөтүлгөн расмий каттан толтура ката тапканын айтып, сынга алган. "Акыркы 2-3 айда өкмөткө расмий суроолорду жөнөткөн элем. Мага кат жүзүндө жооптор келди, бирок каталары абдан көп экен. Эки эле беттен турган каттан 25 ката таптым. Эгер гезитке же интернетке мындай каталар менен жооп жарыяланса, аткаруу бийлиги шылдың болот. Өкмөт башка мамлекеттик органдарга үлгү болуш керек",- деген депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан