Энергетикалык эксперт Расул Умбеталиев "өкмөт электр энергиясынын тарифтерин көтөрүүгө элди даярдап жатат" дейт. Мындай пикирди бүгүн, 4-мартта жарыялаган билдирүүсүндө айтты.
"25-февралдагы форумда экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев Токтогул суу сактагычына суу жетиштүү топтолгон шартта деле Кыргыз Республикасы электр энергиясын импорттобой турганына кепилдик жоктугун айтты.
26-февралдагы өкмөт жыйынында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев 2014-2015-жылкы жылытуу мезгилинде өлкөбүз Казакстандан 400,7 миллион киловатт-саат, 2015-жылдын жайында Тажикстандан 146,6 миллион киловатт-саат электр энергиясы импорттолгонун маалымдады.
Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Миргүл Айдарова 2016-жылы "Электр станциялары" ишканасы калкты электр энергиясы менен толук камсыздай албасын, 1 миллиард киловатт-саат электр кубатын импорттоо пландалып жатканын, эгерде импорттоо болбосо, элге свет берүүнү чектөө керектигин билдирди.
Жетекчилердин абсурд жана шантаждын элементтери бар мындай билдирүүлөрү бир гана максатты көздөйт - карапайым адамдардын аң-сезимин электр энергиясынын тарифтерин көтөрүүгө даярдоо",- дейт Умбеталиев.
Эксперт мурунку жылдары электр энергиясынын тарифтери Казакстандан импорттолгон электр кубатынын баасын эскепке алуу менен көтөрүлгөнүн, 2015-жылдын октябрынан 2016-жылдын 1-мартына чейин импорт болбогонун айтып, демек, тарифтер арзандашы керек деген пикирде.
Умбеталиев 2014-жылы "Электр станциялары" ишканасы казакстандык эки компанияга 1 киловатт-саатын 5 тыйындан 128 миллион киловатт-саат электр жарыгын экспорттогонун, мунун менен мамлекетке 35 миллион сом зыян келтирилгенин айтууда.