Кечээ, 4-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолукту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүм билдирди.
Жолугушууда премьер-министр өкмөттүн Нарын облусундагы көйгөйлөрдү чечүү, өнүктүрүү жаатында аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берип, буга чейин өткөн акцияларда көтөрүлгөн суроолорго жооп берди.
Темир Сариев бийик тоолуу жана алыскы аймактарга жеңилдик берүү боюнча мыйзам долбоордун максаты шарты катаал аймактарды жеңилдиктен ажыратуу эмес, бул тармакты тартипке салууну көздөй турганын билдирди. Анын алкагында деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте турган Нарын облусун жеңилдиктен ажыратуу боюнча сөз болбогонун кошумчалады. "Бул мыйзам долбоордун айланасындагы талкууларды эске алуу менен документ чакыртылып алынды. Бүгүнкү күндө бул маселе жок. Ошол эле учурда мугалим, дарыгерлердин айлык акысына кошумча коэффциентти кошуу боюнча маселе толугу менен чечилген",- деди Темир Сариев. Ошондой эле премьер-министр апрель айында электр энергиясына тарифти көтөрүү боюнча сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Ал эми турак жайды милдеттүү камсыздандыруу демилгеси жарандардын кызыкчылыгындагы маселе экенин белгилеп, аны Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жүргүзөрүн билдирди. Премьер-министр өкмөттүн башкы максаты мамлекеттик органдарды тартипке келтирүү экенин жана элдин кызыкчылыгына жооп бербеген чечимдер кабыл алынбай турганын айтып өттү. Темир Сариев Нарын облусундагы көйгөйлөрдү чечүү жана өнүктүрүү жаатында аткарып жаткан иштер боюнча да маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын атынан келген ɵкүлдɵр өз суроолоруна ынанымдуу жооп алганын жана айрым маселелер боюнча маалымат жетишпегендиктен улам түшүнбөстүктөр болгонун белгилешти.