Темир Сариев Нарын облусунун аялдар активи менен жолугуп, 8-Март майрамы менен куттуктады

Кечээ, 4-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун аялдар активи менен жолугуп, 8-Март майрамы менен куттуктады. Жолугушууга Нарын облусунун бардык райондорундагы эмгеги менен өзгөчөлөнгөн айымдар катышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр өлкөнү өнүктүрүүдө аялдардын орду өзгөчө экенин белгиледи.

"Сиздер турмуштун түмөн түйшүгүн баштан кечирип, жашоого чыдамкайлык, туруктуулук менен мамиле жасап, уул-кыздарга татыктуу тарбия берип, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошуп келесиздер. Теңир-тоолук айымдар табигаттын катаал шартына карабастан, ак кар, көк музда эркектер менен кошо жарышып эмгектенип, ийгилик жаратып жатышат",- деди Темир Сариев.

Премьер-министр аймактын катаал шартына карабастан, балдарга татыктуу билим берген агартуу кызматкерлеринин, элдин саламаттыгына кам көргөн дарыгерлердин да көпчүлүгү айымдар экенин белгиледи. Темир Сариев бийик тоолуу аймактарга шарттарды жеңилдетүү, жол салып, мектеп куруу боюнча иштер күчөтүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле жолугушууда өлкөдөгү жана аймактагы орчундуу маселелер жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, баарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан