“Жаштар банктары” - идеяга бай жаштардын үнүн угуп, аймактарда эл көйгөйүн жаңыча чечүүгө бел байлаган демилгелүү топ

5-мартта Бишкекте “Кумтөр” ишканасы тарабынан каржыланып, Борбордук Азиядагы Евразия фонду аркылуу ишке ашырылып жаткан “Ысык-Көл облусунун Жаштар банктары” долбоорунун конференциясы болуп өттү. Анда долбоордун 3 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Буга мамлекеттик органдардын, жаштар кыймылдарынын, эл аралык жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана активисттер катышып, күбө болушту.

"Жаштар банктары" - акча менен эмес, акыл жана идея менен иштеген жаштардын тобу

Жаштардын ишмердүүлүгүн сөз кылуудан мурун "Жаштар банктары" деген түшүнүктү чечмелеп өткөнүбүз оң. "Жаштар банктары" 2013-жылы түзүлүп, пилоттук долбоор катары Ысык-Көл облусунда өз ишин баштаган. "Банк" деген сөздөн улам муну көбүнчө акча менен байланыштырышат. "Жаштар банктары" - акылга, билимге бай демилгелүү жаштардан куралган идеялардын банкы.

Борбордук Азиядагы Евразия фондунун аткаруучу директору Динара Мусабекова айтып бергендей, Ысык-Көл облусу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу аракети көрүлүп жатканда, активдүү жаштар үчүн сүйүнүч пайда болгон. Анткени бул долбоор аталган аймакка жеткенге чейин жаштардын үнүн уккандар болгон эмес.

Аз убакытта жаштар такшалып, идеяларды жүзөгө ашырып жатышат

Жаштар 3 жыл мурун идеяга ээ болуп туруп, аны кандай жолдор менен ишке ашырууну билишпегенин айтышат. Бактыга жараша, "Жаштар банктары" түзүлүп, аймактардан чогулган жаштар тренингден өтүшкөн. Алар аз убакытта жетилип, такшалып, команда менен иштөөнүн артыкчылыктарын өздөштүрүштү. Ошондой эле алар өзүлөрүнө артылып жаткан жоопкерчиликти толук бойдон сезип, "Кумтөр" тарабынан бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнүштү.

Бүгүнкү күндө алар аймактагы башка жаш активисттердин арыздарын карап, ошол коомдун муктаждыктарын карап жатышат. Буга катар жаштардын демилгелерин колдоп, өз идеяларын да ишке ашырып келишет. Долбоор алкагында инфраструктура, билим берүү, маданият жана спорт, ишке орноштуруу, чеберчиликти жогорулатуу, экология, майыптарды колдоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү жаатында иш алып барат.

"21-кылымда таза сууга жетпеген эл бар, алардын көйгөйүн чечүү - биздин милдет!"

"Жаштар банктары" жергиликтүү башкаруу органдары менен тыгыз иштешип, маселелерди чечүүдө көмөкчү болуп келет. Буга акыркы 3 жылда 6 өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн 6 меморандум мисал болуп берет. Түрдүү райондордо "Жаштар банктарынын" 6 кеңсеси ишке кирген. Ошондой эле ири конференциялар, тренингдер байма-бай өтүп келет.

Долбоор алкагында Ысык-Көл облусунун түштүк аймагында көп жумуштар аткарылды. 21-кылымды баштан өткөрүп жатканыбызга карабай таза суу жетпеген аймактар жана башка бир катар социалдык көйгөйлөр бар. Долбоордун жыйынтыгын чыгарууда аймакта кандай көйгөйлөр бар экени мисал катары көрсөтүлдү:
- Миграция;
- Жумушсуздук жана коррупция. Бул жаштардын экономикалык жана саясий иштерге активдүү катышуусуна бөгөт коет;
- Жергиликтүү маселелерди чечүүдө алардын пикири эске алынбайт;
- Жаштарды нааразычылык акцияларына тартышат (мыйзамдуу жана мыйзамсыз);
- Саясий топтор жаштарды курал кылып жатышат.

Демилгелүү жаштар үчүн эшик ачык

"Жаштар банктарынын" негизги жумушу - аймактагы жаш активисттердин арыздарын карап, пикирлерин угуу. Андыктан жаштарга ар дайым эшик ачык экенин айтышат уюштуруучулар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
naida81
2016-03-09 12:30:20
Бул долбоор уланабы, маалымат берип койсонуздар
0
Erka_kg
2016-03-10 07:53:10
Бул долбоор Ысык кол аймагында гана кызмат корсотобу? Башка областтар менен иштешсе болобу?
0
marik10
2016-03-10 19:11:23
негизи мен уккандай, бул долбоор ийгиликтуу иштеп келе жатат, ошондуктан кумтордун дотациясынан чыгып эгемендуу иштеп баштайт.андай болсо жаштар банкы оз ишмердуулугун уланта берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан