Жакарта шаарында (Индонезия) Ислам кызматташтык уюмунун чукул чакырылыштагы саммити өтүүдө. Чукул жыйналышты өткөрүүгө Израиль мамлекетинин Газа секторун мыйзамсыз блокадага алуусу жана басып алынган Аль-Кудс Аль-Шариф (Иерусалим) шаарындагы одоно мыйзам бузуулары себеп болгону маалымдалды.
Саммитке уюмга мүчө бир нече мусулман мамлекеттеринин башчылары, премьер-министрлери катышып жатат. Кыргыз Республикасынын атынан өлкөбүздүн Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов катышууда. Өлкөлөрдүн жогорку бийлик жетекчилери, өкүлдөрү палестиналыктардын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтирүү, басып алууларды токтотуу маселелерин талкуулоодо.
Жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынып, анда делегаттар Аль-Кудс Аль-Шарифтеги (Иерусалим) окуяларга көз караштарын билдиришет.