Каржы министрлигинин жүздөй кызматкери үйүн камсыздандырды

Каржы министрлигинин жүздөй кызматкери турак жайларын камсыздандырды. Министрликтин билдиришинче, март айынын башында “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ишканасынын өкүлдөрү министрликтин жамаатына түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.

Алар тийиштүү талаптарга жооп берсе, өлкөбүздүн аймагындагы бардык мекемелерди камсыздандырса болорун белгилешти. Жеке үйдү, анын бир бөлүгүн, көп кабаттуу үйдөгү батирди, мейманкананы жана башка турак жайларды камсыздандыруу жолдорун айтышып, табият кырсыгына кабылган учурда камсыздандырылган имараттарга мамлекеттен акча төлөө шарттарын түшүндүрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан