"Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү Малайзиянын премьер-министри Наджиб Тун Разакты, ички иштер министри Захид Хамидини жана коргоо министри Хишамуддин Хусейнди туткунга алууга аракет кылышты. Бул тууралуу министр Хамидиге шилтеме берүү менен 8-мартта "The Star Online" басылмасы жарыялады.
Министр террорчулардын мындай аракети 2015-жылдын 30-январында жасалганын айтты. Малайзиялык лидерлерди кармап кетүү планына 13 адам катышканы, полиция өлкөдө "Ислам мамлекети" тобунун 4 чабуулун токтотууга (алдын алууга) жетишкен.
Малайзия ИИМинин башчысы өлкөдө "Ислам мамлекети" уюмунун бөлүгү жок экенин, бирок айрым адамдар аталган уюмдун идеологиясынын таасиринде жүрүшкөнүн белгиледи.