Жогорку Кеңештин 9-марттагы жалпы жыйынында «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Документке ылайык, экстремисттик белгиси бар маалыматтык материалдарды камтыган интернет-сайттарга кирүүгө чек коюу каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Улан Уезбаевдин айтымында, Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде түзүлгөн кырдаал маалымат чөйрөсү деструктивдик-экстремисттик таасир берүүгө оңтойлуу экенин көрсөттү. "Интернеттин чоң өлчөмдөгү маалыматты тез арада жеткирүү мүмкүнчүлүгү жана жеткиликтүүлүгү, анонимдүүлүгүн сактоо мүмкүнчүлүгү терроризм жана диний-экстремисттик идеологияны жайылтуу коркунучун көбөйтөт. Азыркы мезгилде өлкөнүн аймагында тыюу салынган маалыматтык материалдарды жайылтууну чектөөнүн жолу болуп маалыматтык материалдарды сот аркылуу блокировкалоо тартиби эсептелет",- деди чиновник.
Депутаттар интернетте экстремисттик материалдарды жайылтууга чек коюу демилгеси кеч сунушталганын айтышып, аталган мыйзам долбоорун колдошорун билдиришти.