Кыргыз мамлекетинин Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Минск шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде кыргыз өлкөсүнүн Латвия, Литва жана Эстониядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 9-мартта президенттик аппараттан билдиришти.
Өмүралиев КМШнын Уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын да аркалайт.