Тоң районунун үстүнкү өрөөнү бийик тоолуу аймакка кирет. Ошол өрөөндөгү Коңур-Өлөң айылынын тургундары быйыл Жаңы жыл майрамында дасторконуна жаңы эле үзүп алынган бадыраң коюшкан. Жыты буркураган ашкөк дагы элет жеринде жаңылык эле.
"Кумтөр" компаниясынын билдиришинче, бул жашылчалар айыл тургундары жубайлар Аида Жапарова менен Жээнбек Токтоев уюштурган күнөскананын жашылчалары болчу. Экөө тең аталган айылдын мектебинде мугалим болуп иштегенине карабай “Кумтөр” компаниясы тарабынан уюштурулган айыл элин туруктуу өнүктүрүү долбооруна катышып, “КАРАГАТ+” программасы аркылуу билим алышып, кийин ушул долбоордун алкагында 450 миң сом 8 пайыздык насыя алуу менен ишти башташкан.
“Жолдошум экөөбүз чогуу окуп, семинарларга бирге барып жүрдүк. Жалал-Абад, Чүй облусуна чейин барып, агрономдорго кезигип, жашылчаларды өстүрүүнү өздөштүрдүк. Бир жылдын ичинде күнөскананы куруп да бүтүп калдык. Экөөбүз өнөктөш болуп, өздүк салым катары жерди иштетип, киши жашабай турган үйүбүздүн бир дубалын күнөсканага пайдаланмай болдук. Анан ошол дубалга жабыштырып күнөскана курдук. Бадыраң, ашкөктү тамчылатып сугарабыз. Азырынча насыяны төлөгөнүбүз менен, иштин ыгын билип калдык. Эми аны кеңейтип, помидор да айдайлы деп жатабыз”,- дейт Аида Жапарова.
Жубайлар бул жерге 300 түп бадыраң тигип, укроп, петрушка айдашкан. Күнөскананын узундугу 17, туурасы 7 метр. Алар биринчи этапта жарым тонна бадыраң алышкан. Кийинки жылы Жаңы жыл майрамына карата тигилген бадыраңдар азыр түшүмүн берип бүтүп калды. “Быйыл бадыраңдарыбыздын өтүмдүүлүгү абдан жакшы болду. Килограммын 150-160 сомдон саттык. Акыркы жолу жарым тоннадан ашык түшүм алдык”,- дешет түгөйлөр.
Күнөскана ээлери ушул жылы кыш айларында көргөн түшүмүн айылдаштарына базар баасынан 15-20 сомго арзан сатышты. Учурда ал бир аптада 10 килограмм гана түшүм берип калды, бирок азыр жаз айларында түшүм алууга ылайыкталып отургузулган көчөттөр да баш көтөрүп турат. Эми аларды эки аптадан кийин эски бадыраңдардын ордуна отургузушат.
"Бадыраңдар кышкысын отунду көп эле талап кылат экен, бирок изденсең, аракет кылсаң, бара-бара баары болот. Алган насыябыздын бир жарым жылын төлөп бүттүк. Калганын эми бир жарым жылда төгүп бүтсөк, түшкөн пайдабыз жакшы эле болот",- дешет алар.
Алгачкы түшүмүн алганда алар аны сатуу үчүн Көл өрөөнүн тегеренип чыгышканы айтылды. Караколго чейин алып барышып, ар кайсы дүкөндөр менен макулдашкан. Алардын жашылчасын бир алгандар кайра сурап жатышты, себеби бул өрөөндүн топурагы күчтүү дешет билгендер. Кийин бул бадыраң өздөрү жашаган айылдан сырткары Балыкчы шаарындагы жана Бөкөнбаев айылындагы дүкөндөрдөн ашпай калды. Өтүмдүүлүгү жакшы, дүкөнчүлөр дагы анын сапатына ишенип калышкан.
Тоң районунун үстүнкү өрөөнүндө эл этсиз жашай албайт, себеби абанын басымы жогору. Буга байланыштуу кан оорулары көбөйбөш үчүн бул өрөөнгө мындай жашылчалар өтө зарыл.