Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө прокурор тарабынан А.Келдибековго "Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча токтом чыгарууга зарылчылык бар беле?" деген суроо берилди. Айыпталуучу буга төмөнкүдөй жооп берди.
"Эгер мен парламенттин төрагасы кызматында калган болсом, Орусиядагы мигранттарыбыз, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында иштеген жарандарыбыз кыйналбайт эле. Биз Орусиянын парламенти менен мыйзам чегинде өз ара кызматташтыгыбызды жөнгө сала алат элек. Анткени жыл сайын эки жолудан парламенттер аралык жыйындар өтүп, маанилүү чечимдер чыгарылат. Бул сессияларга Жогорку Кеңештин төрагасы катышып, пикирин билдирүүгө жана добуш берүүгө укуктуу. Учурда бардык парламенттер аралык уюмдарда бир эле өкүлүбүз бар болгондуктан, ал жетишпей жатат",- деди Келдибеков
Айта кетсек, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.