Премьер-министр кыргыз жазуучуларына кам көрүүнү күчөтүүнү убадалады

Бүгүн, 9-мартта премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскуловду кабыл алып, тараптар кыргыз адабиятынын учурдагы абалы, чыгармачыл интеллигенциянын коомдогу ордун жогорулатуу жана кам көрүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Премьер-министр кыргыз жазуучуларынын маданият тармагындагы орду чоң экенин белгилеп, өкмөт бул жаатта кам көрүүнү күчөтөрүн билдирди. Жазуучулар өз чыгармаларын окурмандар менен бөлүшүүдө заман талабына жараша тажрыйбаларды колдонуу зарылдыгын айтты.

"Жазуучулар союзунун учурдагы маселелерин чечүү жана адабий басылмаларды колдоо багытында атайын каражат бөлүп берүү тапшырмасы тиешелүү органдарга берилди",- деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан