Бишкекте 10-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат. Мындай чечим бүгүн түштөн кийин Бишкек Жылуулук электр борборунда өткөн 2015-2016-жылдардагы жылытуу сезону боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды. Мэриянын билдиришинче, жыйынга Бишкек ЖЭБинин, "Бишкек жылуулук берүү түйүнү", "Электр станциялары" ишканаларынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тийиштүү органдардын өкүлдөрү катышышты.